Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:12

Турсунбеков: Болочок коалицияны талкуулап жатабыз


Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков коалициялык өкмөт, анын формасы тууралуу фракциялар, депутаттар арасында сүйлөшүүлөр, кеңешүүлөр жүрүп жатканын "Азаттыкка" билдирди. Ал конкреттүү чечимдерди кабыл алууга убакыт талап кылынарын, сүйлөшүүлөр келаткан аптада күчөшү ыктымал экенин да кошумчалады.

Борбордук шайлоо комиссиясы Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын президенти болуп катталганын 12-ноябрда расмий жарыялады. Эми 30 күндүн ичинде жаңы президент ант берип, кызматка кириши керек, андан кийин кайра жаңы коалициялык өкмөт түзүлмөкчү. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG