Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:40

Жаңы коалиция боюнча сүйлөшүүлөр башталды


Кыргыз парламенти.
Кыргыз парламенти.

Алмазбек Атамбаев жаңы президент деп расмий жарыяланаары менен парламентте коалицияны кайра түзүү боюнча бейформал сүйлөшүүлөр башталды.

Талдоочулар келечектеги коалицияны түзүү аракети 3-4 багыт боюнча өнүгөөрүн белгилеп жатышат. Мыйзамга ылайык, Алмазбек Атамбаев ант берип, президенттикке киришкенден соң азыркы өкмөт таркап, жаңы коалиция түзүлүүгө тийиш.


Кеңири коалиция түзүлөбү?


Кыргызстанда президент болуп шайланган Алмазбек Атамбаев ант берүү аземинен кийин өкмөт башчылыкты расмий түрдө калтырып, президенттик кызматка киришет. Мына ошондон кийин жаңы президент жаңы коалиция түзүүнү кайсы бир фракцияга тапшырат. Бирок президенттин жаңы коалицияны түзүү чечимин күтпөстөн эле Жогорку Кеңештеги фракциялар ичинде жана депутаттар арасында бул боюнча бейформал сүйлөшүүлөр башталды.

Бул тууралуу "Азаттыкка" парламенттеги Социал-демократтар фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков билдирди:


- Бул маселе боюнча депутаттар арасында, фракциялар арасында консультациялар болуп келе жатат. Канткенде парламенттин иши жакшы жылат, өкмөткө жардам бере алабыз деген маселелердин үстүндө сүйлөшүүлөр жүрүп келе жатат. Бирок мунун баары консультациялар. Муну конкреттештирүү үчүн эми БШК чечиминен соң кийинки жумадан баштап иш күчөйт болуш керек.

Талдоочулар Алмазбек Атамбаев жаңы коалицияны түзүү укугун парламенттеги тарапташтарынан турган Социал-демократтар фракциясына берет деп божомолдошууда.
Эгер оппозиция болбой калса, анда жылыш болбой калат деген ойдомун. Ошондуктан бир фракция оппозицияда калышы керек...
Мыктыбек Абдылдаев

Саясий серепчи Темир Жумакадыров Алмазбек Атамбаевдин Социал-демократтар фракциясынын жардамы менен парламенттеги бардык күчтөрдү өз бооруна тартууга аракет кылаарын айтат:

- Бүгүнкү парламенттеги окуяларды эске алып, бардык фракциялардын катышуусу менен кеңири коалиция түзүүгө аракет кылынат деген ойдомун. Бирок шайлоонун жыйынтыгына канаатанбай калган “Ата-Журт” партиясы коалицияга кирбей коюшу мүмкүн. Ал коалицияны түзүү укугу КСДПга тапшырылат болуш керек. КСДП президенттин саясатын колдоп турган күч катары коалицияны түзгөнгө аракет кылат.

Саясий серепчилер тарабынан келечектеги оппозиция катары сыпатталып жаткан “Ата-Журт” фракциясынын өкүлдөрү болсо мындай божомолдордун эрте экенин билдиришүүдө. Ошол эле мезгилде аталган фракциянын лидери Мыктыбек Абдылдаевдин айтымында, бийликти камчылап туруу үчүн парламенттеги оппозиция сөзсүз керек:

- Айрым саясатчылар 4-5 фракциядан турган кеңейтилген коалиция түзөбүз деп айтып жатышат. Бирок биздин Конституцияда көпчүлүк коалициянын жанында оппозиция да болуш керек деп так жазылган. Эгер оппозиция болбой калса, анда жылыш болбой калат деген менин терең оюм бар. Ошондуктан, “Ата-Журт” фракциясы болобу, же башка фракциялардан болобу бирөө оппозицияда калышы керек.

Ал эми “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев болсо баш мыйзам боюнча оппозициячыл азчылыктын сөзсүз түрдө болушу шарт эместигин билдирди.

Талдоочулар “Ата-Журт” коалицияга кирүүдөн баш тартып, оппозицияга кете турган болсо, Өмүрбек Текебаев төрагалыкка келип, Өмүрбек Бабанов болсо, өкмөт башчылыкты сактап калууга мүмкүнчүлүк алаарын белгилешүүдө.

Ошол кезде кеңири коалиция түзүлсө, парламентке кирбей калган саясий күчтөр да ага тартылышы мүмкүн. Себеби, Алмазбек Атамбаевдин пайдасы үчүн президенттик шайлоого барбай калган Темир Сариев, Аликбек Жекшенкуловдун алдындагы милдеттемелерин аткаруу үчүн бийликтин ушундай кадамы оңтойлуу экени айтылып жатат.

“Ак шумкар” партиясынын лидери Темир Сариев президенттик шайлоого чейин эле кеңири коалиция түзүлөөрү макулдашылганын айтат:

- Биз Атамбаевдин талапкерлигин колдоп, бирдиктүү талапкер менен чыккан учурда келечекте туруктуу саясат жүргүзүү үчүн кеңири коалиция түзүү боюнча сүйлөшкөнбүз. Албетте, “Ак шумкар” партиясы ага катышып, жоопкерчиликти тең бөлүшүүгө даяр.


“Ар-намыс” дайым даяр

Азыркы коалицияны сактап калууга бир топ шарттар бар, балким кеңейип кетиши мүмкүн. Бүгүн көпчүлүк коалицияны түзгөн фракциялар ортосунда келишпестик деле жок.
Канатбек Исаев

Ал ортодо келечекте түзүлө турган коалицияга кирүүгө азыртадан эле макулдугун билдирген саясий күчтөр да чыгууда. Жогорку Кеңештеги “Ар-намыс” фракциясынын мүчөсү Токон Мамытовдун ишендиришинче, аталган фракция кандай гана формада болбосун коалицияга кирүү боюнча алдын-ала чечим кабыл алган.


-“Ар-намыс” фракциясы көпчүлүк коалицияга кирүүгө макул. Бул маселе фракциянын ичинде бир нече ирээт талкууланган. Бул боюнча алдын-ала чечимибиз бар. Мен ойлойм, коалицияны түзүү укугун бизге тапшырабы, КСДПгабы же “Республика” фракциясына тапшырабы, кимге тапшырбасын биз көпчүлүк коалицияга кирүү боюнча алдын-ала чечим кабыл алып койгонбуз.

Ал эми “Республика”, “Ата-Журт”, КСДП фракцияларынан түзүлгөн коалициянын лидери Канатбек Исаев аталган коалиция ушул курамында эле кайрадан жаңы өкмөттү түзүүгө мүмкүнчүлүгү бар деп эсептейт:

- Биринчиден, азыркы учурда коалиция иштеп жатат. Бул коалиция түзүлөөрдө келишим түзүлгөн жана ал эки жарым жылдык мөөнөткө түзүлгөн. Бул коалицияны сактап калууга бир топ шарттар бар, балким кеңейип кетиши мүмкүн. Бүгүн көпчүлүк коалицияны түзгөн фракциялар ортосунда келишпес каршылыктар деле жок.

Эми Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, жаңы шайланган президент 30 күн ичинде ант берип, өз милдетине кириши керек. Президент коалицияны түзүү укугун кайсы бир фракцияга берген соң парламенттеги фракциялар эки айдын ичинде коалиция түзүшү керек. Эгер биринчи аракет майнапсыз аяктаса бул аралыкта фракцияларда дагы эки жолу коалиция түзүү мүмкүнчүлүгү бар.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG