Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:57

Италияда жаңы өкмөттүн курамы талкууланууда


Италияда жаңы техникалык өкмөт куруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Кечээ премьер-министр Силвио Берлускони кызматынан кетүү арызын президент Жоржио Наполитаного тапшырган. Өкмөттү Евробиримдиктин мурдагы комиссары, экономист Марио Монти жетектейт деп күтүлүүдө.

75 жаштагы Берлускони 17 жылдан бери чоң саясатка аралашып, 10 жыл өкмөттү башкарды. Медиамагнат жана бизнесмен Берлускони бир катар коррупциялык, сексуалдык жаңжалдарга малынып, соттук териштирүүлөргө туш болгон. Бирок аны кызматтан финансылык кризис кулатты.

Еврозонанын ири экономикасы - Италия экинчи Грецияга айланат деген чочулоолордон улам, өткөн аптада дүйнөлүк биржалардын индекстери кескин төмөндөп кеткен. Италия өкмөтү бюджетти үнөмдөө чараларын кабыл алууну тездетип, Берлускони кызматынан кетүүгө аргасыз болду.

Эмки шайлоо 2013-жылга пландалган. Жаңы өкмөт 18 ай иштеп, ага экономикалык реформаларды ишке ашыруу милдети жүктөлөт. Ал эми депутаттардын колдоосун алышы керек.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG