Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:18

АКШ жана Россия президенттери Иран маселесин талкуулашты


АКШ жана Россия президенттери Барак Обама менен Дмитрий Медведев Гавайидеги жолугушууда Иран маселесин козгошту. Кабарчылардын суроолоруна жооп берип жатып, Обама буларды белгиледи:

- Биз Иран тууралуу сөз кылып, биридиктүү позицияны иштеп чыгуу жөнүндө макулдаштык. Иранды ядролук программасына байланышкан милдеттенмелерин аткарууга көндүрүшүбүз керек.

Андан кийин Обама Кытай президенти Ху Цзинато менен кездешти.
Лидерлер Азия-Тынч океан мамлекеттеринин саммитине катышууда.
Буга чейин Москва менен Бээжин уран байытуу иштерин токтотпогондугу үчүн Иранга каршы эл аралык санкцияларды колдоп келишкен. Бирок бул ирет, айрым кабарларга караганда, экөө тең Ислам жумуриятына карата жазалоочу чараларды киргизүүгө каршы. Россия жана Кытай БУУнун Коопсуздук кеңешинде вето укугуна ээ.

Өткөн аптада Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик Тегеран атомдук бомбанын үстүнөн иштеп жатышы мүмкүн деген мазмундагы докладын жарыялаган. Иран андай дооматтарды четке кагып, атомдук программасы тынчтык мүнөзгө ээ деп кайталап келатат.

XS
SM
MD
LG