Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:45

Дамаскиде чет өлкөлүк элчиликтерге кол салышты


Түркия Сириядагы дипмиссиясынын үй-бүлө мүчөлөрүн эвакуациялоону караштырууда. Мындай чечим Түркиянын Дамаскидеги элчилигине президент Башар Асаддын тарапкерлери чабуул жасашкандан кийин кабыл алынды. Жекшембиде Сауди Арабиянын элчилигине да кол салынды. Анын алдында Араб Лигасы антиөкмөттүк демонстрацияларды күч менен басып келаткан Дамаскиге каршы санкция колдонуу чечимин кабыл алган. Атап айтканда, Сирия уюмдун жыйындарына убактылуу катыша албайт жана Асад режими кан төгүүнү токтотуу боюнча келишимди аткара баштамайынча башка экономикалык, саясий чаралар көрүлмөкчү.

Эл аралык коомчулук Араб Лигасынын кадамын кубаттады. Сириянын өзүндө болсо бүгүн бийлик Хама шаарында Араб Лигасынын чечимине каршы акция уюштурду. Ага катышкан бир нече адам Асадга каршы ураан чакырган жеринен атып өлтүрүлгөнү кабарланууда.

БУУнун болжолдуу маалыматына караганда, антиөкмөттүк акциялар тутанган март айынан бери ар кандай кагылышууларда 3 жарым миңдей киши набыт кетти.

XS
SM
MD
LG