Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:05

Кант диабетине байланышкан иш-чаралар башталды


Кант диабетине каршы дүйнөлүк күн бүгүн түнү Бишкекте Опера жана Балет театрынын алдында көгала түстөрдү жандыруу менен башталды. Көгала түс аталган оорунун белгиси деп эсептелет. Бүгүн ошондой эле кант диабетин алдын алуу, ооруга кабылгандарды дарылоо боюнча үй-бүлөлүк дарыгерлерге окутуулар өткөрүлөт. Оору жана андан сактануу тууралуу маалымат камтылган китепчелер таркатылат. Жаштар шаарда эл көп чогулган коомдук жайларда флэш-моб акцияларын өткөрүшөт. Шаардыктар канындагы канттын өлчөмүн бекер текшерте алышат.

Расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда 32 миң адам диабетке чалдыккан. Бирок алардын саны 2-3 эсе көп экени айтылууда. Диабет адамдын эндокриндик системасынын иштешинин бузулушунан пайда болот. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG