Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:14

Электр энергиясы боюнча даттанып кайрылгандардын үнү жазылып калууда


Электр энергиясынын жоктугуна же трансформатордун иштеши боюнча даттанып, электр станциясына чалгандардын үнү атайын аппаратка жазылып калууда. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" "Түндүк электр" ишканасынын маалымат катчысы Гуля Мураталиева билдирди. Анын айтымында, кардар менен диспетчердин сүйлөшүүсү жазылган тасмалар 3 айга чейин сакталат. Мындай ыкма кардарлардын талабы өз маалында аткарылып, алар тарабынан нааразылыктар болсо, териштирүүгө оңой болуу үчүн колдонулат. Система 2009-жылдан бери иштеп келатат. Мураталиеванын билдиришинче, соңку күндөрү ири авариялык өчүрүүлөр дээрлик катталган жок. Ноябрдын алгачкы күндөрү абанын кескин муздашынан электр энергиясын пайдаланууга күч келип, көпчүлүк райондордо жарык өчүрүлгөн болчу. "Түндүк электр" ишканасы Бишкекти жана Чүй, Талас облустарын тейлейт. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG