Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:37

Ошто соңку жарым жылда 17 бала ВИЧке чалдыкты


Дарыгерлердин шалаакылыгынан соңку жарым жылда эле Ош облусунда 17 бала ВИЧ илдетине чалдыкты. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" ВИЧке чалдыккан балдардын энелеринин уюмунан билдиришти. Алардын айтымында, 2007-жылдан бери медицина кызматкерлеринин күнөөсү боюнча балдарга айыккыс дартты жуктуруу фактылары дагы эле катталууда. Себеби мурдагы учурлар боюнча соттолгон дарыгерлер кайра эле ошол ооруканада иштеп жатышат. 3-8 жаштагы балдары менен чогуу 15тей эне учурда Ош облустук ооруканасынын алдында митинг өткөрүп жатышат. Эртең алар Бишкекке келип Жогорку Кеңештин алдына чыгууга камданып жатканын айтышууда. Талаптары - күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу. Алардын айтымында, учурда Ош облусу боюнча 200дөй бала ВИЧ инфекциясы менен жашап келүүдө.

17 бала боюнча маалыматты тактоо үчүн Саламаттыкты сактоо министринин ушул багытта иш алып барган орун басары Сабыржан Абдикаримовго телефон чалганыбызда, катчысы анын жооп бере албай турганын билдирди. (RK)

XS
SM
MD
LG