Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:51

"Манас" эпосу жазылган 25 сааттык видеотасма даярдалып жатат


"Манас" эпосу жазылган 25 сааттык видеотасма даярдалууда. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" "Айгине" борборунан билдиришти. Аталган фонд ушул жылдын башында элге белгилүү 12 манасчы менен бирге жер-жерлерди кыдырып, алардын "Манас" айтып жатканын тарта баштаган. Тасма 50 эпизоддон турат. Долбоордун максаты - азыркы манасчылардын аткаруусунда жазылып алынган эпостун толук версиясын санарип форматта сактап калуу. Видеосу DVD дисктерге, аудиосу CD дисктерге жазылууда. "Чыныгы, даарыган манасчы менен жаттама манасчынын айырмасын аныктоо маселесин, эпостун традициялуулугун жана уникалдуулугун изилдөөгө бул дисктер өз салымын кошо алат", - деп билдирет "Айгине" борбору. (RK)

XS
SM
MD
LG