Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:58

Отунбаева: Шайлоо саясий реформалардын өткөөл этабын жыйынтыктады


Кыргызстан эли бүткүл дүйнөнү 2010-жылдын июнунда өткөн референдумдагыдай президенттик шайлоодо дагы бир ирет таң калтырып, кезектеги кыйын сыноодон ийгиликтүү өттү. Бул тууралуу президент Роза Отунбаеванын Кыргызстандын калкына бүгүн жолдогон кайрылуусунда айтылат.

Президенттин пикиринде, президенттик шайлоо саясий реформалардын өткөөл этабын жыйынтыктады. Бардык кыйынчылыктарга карабастан, парламенттик демократия чыңдалууда жана ишке жарактуу экенин далилдөөдө.

Р.Отунбаева жаңы шайланган президент Алмазбек Атамбаевди 30-октябрдагы жеңиши менен куттуктап, "элдин жыргылчылыгы, биримдиги жана ынтымагына арнаган ишине ийгилик" каалады. (RK)

XS
SM
MD
LG