Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:08

Меркел: Европа чоң кыйынчылыкты баштан кечирүүдө


Германия канцлери Ангела Меркел еврозонаны каптаган карыз кризиси Европа Дүйнөлүк Экинчи согуштан кийин туш болгон эң чоң кыйынчылык деп айтты. Христиан-демократтар партиясынын жылдык конференциясында сүйлөгөн канцлер Европа бара-бара ири интеграцияга карай жылышы керек деди. Бюджет таңсыктыгын алдын алуучу эрежелерди бузган өлкөлөр жазаланууга тийиш деген Меркел, Германия шериктери алдында жоопкерчиликти сезип, кайсы бир “курмандыктарга” бараарын белгиледи. Катардагы немистердин көбү евромейкиндиктеги чабал өлкөлөрдү куткаруу үчүн салык төлөөчүлөрдүн акчаларын пайдаланууга каршы.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG