Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:58

Дүйшөмбү шаарындагы абактан качкан акыркы туткун кармалды


Тажикстанда былтыр абактан качкан акыркы туткун кармалды. Тажикстан ички иштери министрлигинин өкүлү мурдагы чукул кырдаалдар министри, маркум Мирзо Зиоевдин бир тууганы Азам Панжабда колго түшүрүлгөнүн билдирди.

2010-жылдын август айында Дүйшөмбүдө жайгашкан Улуттук коопсуздук кызматынын катуу кайтарылган түрмөсүнөн 25 киши качкан. Кийин 8 киши өлтүрүлүп, калгандары кармалган. Майда сот төртөөнү өмүр аягына чейин, үчөөнү 30 жылга эркинен ажыраткан.

XS
SM
MD
LG