Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:41

АКШ Түштүк Осетиядагы шайлоону тааныбайт


Мамлекеттик департаменттин басма сөз катчысы Марк Тонердин билдиргенине караганда, “Кошмо Штаттар Грузиянын Түштүк Осетия аймагында президенттик шайлоо жана референдум деп аталган окуянын окуянын мыйзамдуулугун жана жыйынтыгын тааныбайт”.

Мамлекеттик департамент өкүлү Вашингтон Грузиянын эл аралык деңгээлде таанылган чек араларындагы аймактык бүтүндүгүн жана суверенитетин бекем колдорун кайталады. 2008-жылкы кыска согуштан кийин Түштүк Осетияны көз карандысыз өлкө катары Орусияны кошкондо саналуу эле мамлекет тааныган.

Өткөн жекшембидеги президенттик шайлоодо Түштүк Осетиянын өзгөчө кырдаалдар боюнча азыркы министри, Москва колдогон талапкер Анатолий Бибилов жана мурдагы билим берүү министри Алла Жиоеванын ар бири 25 пайыздан добуш алды. Шайлоонун кийинки айлампасы эки аптадан кийин болот. Шайлоону Грузиянын бийликтери да мыйзамсыз деп атады. Орусиянын байкоочулары болсо Түштүк Осетиянын шайлоосун ачык жана эркин деп мүнөздөштү.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG