Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:03

Орус бийлиги: тажик мигранттарынын көбүндө коркунучтуу илдет бар


Орус расмий өкүлдөрүнүн соңку сөздөрүнө караганда, тажикстандык эмгек мигранттарын пайдаланууга убактылуу тыюу мына ушул жүйөдөн улам салынуусу мүмкүн. Орусиянын башкы санитардык врачы Геннадий Онищенко кечээ былтыр 188 тажик саламаттыгына байланыштуу депортациялангандыгын, соңку кездери Тажикстандын көптөгөн мигранттарынан кургак учук жана СПИД илдеттери табылганын билдирди. Бирок текшерүү кандай жагдайларда жүргүзүлгөнүн түшүндүргөн жок.

Бул аралыкта Орусиянын федералдык миграция кызматынын башчысы Константин Ромадановскинин билдиргенине караганда, Тажикстандын 297 жараны мыйзам бузганы үчүн жакын арада өлкөдөн чыгарылат.

Орусия бийликтеринин тажик мигранттарына карата соңку чаралары тажик сотунун өткөн аптадагы чечиминен кийин көрүлүүдө.

Орусиялык компанияга иштеген эки учкучтун сегиз жарым жылдан эркинен ажыратылышын расмий Москва кескин айыптоо менен кабыл алган. Ооганстан тараптан эки учак менен келген учкучтар Тажикстандын Коргон-Төбө шаарынын аэропортунан быйыл мартта камакка алынышкан.

Алар сот тарабынан "авиатетиктердин контрабандасы менен алектенген", "чек арадан мыйзамсыз өткөн", "аба ташуулардын эл аралык эрежесин бузган" деп табылышты. Соттолгон эки учкучтун бири Орусиянын, экинчиси Эстониянын жараны.

XS
SM
MD
LG