Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:21

Австралия лидери Индияга уран сатууга салынган тыюу жоюлушун колдоду


Дүйнөнүн эң ири уран өндүрүүчүлөрүнүн бири болгон Австралия учурда уранды Кытайга, АКШга, Жапония менен Тайванга сатат. Бирок Өзөктүк куралды жайылтпоо келишимине кол койбогону үчүн Израил жана Пакистан менен катар Индиянын да Австралиядан уран алуусуна тыюу салынган.

Австралия премьер-министри Жулиа Гиллард бүгүн Sydney Morning Herald гезитинде жарыяланган макаласында Индияны “динамикалуу демократия” деп атап, экономикасы жылына сегиз пайызга өсүп жаткан бул өлкө менен алканы чыңдоо Австралия үчүн мааниге ээ экендигин белгиледи.

Бирок анын айтымында, Индия Австралияны сатылып алынган уран тынчтык максатта гана колдонуларына ынандыруусу керек. Гиллард белгилегендей, анын өлкөсүнүн Израилге же Пакистанга уран сатуу планы жок.

Премьер-министрдин бийликтеги Эмгек партиясы Индия боюнча чектөөнү жоюуну келерки аптага мерчемделген жыйынында талкуулары күтүлүүдө.

Австралиянын өнөктөшү АКШ 2008-жылы Индия менен өзөктүк отунду жана технологияны тынчтык максатта сатып алуусун караган келишим түзгөн.

XS
SM
MD
LG