Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:08

Бишкекте эл аралык кесиптик жарманке өтүп жатат


Бүгүн Бишкекте эл аралык кесиптик жарманке өтүп жатат. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилигинен кабарлашты. Жарманке АКШ өкмөтүнүн жардамы менен уюштурулууда. Ага АКШ, Орусия, Франция жана Түркиянын өкүлдөрү, Кыргызстандын Билим жана илим министрлигинин, Дүйнөлүк банктын, Азия өнүгүү банкынын, Гёте-институтунун, ACCELS, IREX билим берүү программаларынын жана Тынчтык корпусунун өкүлдөрү чакырылган. Негизги максат - чет өлкөлөрдө билим алуу үчүн грант, стипендия алуунун жана атайын программаларга катышуунун жол-жобосу тууралуу маалымат берүү. Иш-чара 14-20-ноябрь - Билим берүүнүн эл аралык жумалыгынын алкагында өтүүдө. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG