Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:30

Мектепке барбай калган балдар маселеси Бишкекте талкууланат


Эртең Бишкекте мектепке барбай калган балдар маселесине арналган жыйын өтөт. Ага өлкө башчысы Роза Отунбаева өзү катышаарын бүгүн президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

17-октябрдагы видеокүндөлүгүндө президент Кыргызстанда мектепке барбаган балдардын саны 2 миңден 30 миңге чейин жетээрин айтып, балдардын окубай, билимсиз чоңоюп жатышын өлкөнүн келечеги үчүн кооптуу көрүнүш катары белгилеген.

Ошондуктан мектепте балдарды мазактоого, басмырлоого, рэкетчиликке, балдардын кароосуз калышына, селсаяктыкка каршы башкаруу органдарынан тартып ата-энелерге чейин жалпы коомчулукту биргелешип күрөшүүгө чакырган. (RK)

XS
SM
MD
LG