Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:11

БУУ Отунбаева баштаган ишти жаңы бийлик улантаарына үмүттөнөт


Бириккен Улуттар Уюму Кыргызстандын жаңы жетекчилиги Роза Отунбаеванын сот системасын реформалоо, коррупция менен күрөшүү жана этностор аралык ынтымакты бекемдөө жаатындагы иштерин улантаарына үмүттөнөт. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте мамлекет башчысы Роза Отунбаева менен болгон жолугушууда БУУ Өнүгүү программасынын Европа жана КМШ өлкөлөрү боюнча регионалдык директору Кори Удовички билдирди.

Президенттин басма сөз кызматынын билдиришинче, Удовички Кыргызстандагы президентттик шайлоону жогору баалап, шайлоо ачык жана эркин мүнөздө тынч шартта өткөндүгүн белгиледи. Ошондой эле Кыргызстандын жетекчилигинин БУУнун майыптардын укуктары жөнүндө Конвенциясына кол коюшу, БУУнун адам укуктары боюнча Кеңешинин сунуштарын аткаруу багытында жүргүзүлүп жаткан иштер өлкөнүн демократиялык умтулууларынын далили болуп санала тургандыгын айтты.

Роза Отунбаеванын президенттик мөөнөтү 1-декабрда аяктайт. Бул күнү мамлекетти башкаруу 30-октябрда өткөн шайлоонун жеңүүчүсү Алмазбек Атамбаевге өтөт. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG