Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:46

Аба ырайы: 16-ноябрда дээрлик жаан-чачын күтүлбөйт


16-ноябрда Кыргызстанда ала булут каптап турат, дээрлик жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Шамал түштүк-чыгыштан, ылдамдыгы секундасына 3-8 метр.

Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -6...-11, күндүз 1...6,
Талас облусунда түнкүсүн -6...-11, күндүз 0...-5,
Баткенде түнкүсүн -3...-8, күндүз 3...8 градус болот.
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -1...-6, күндүз 4...9,
Ысык-Көлдө түнкүсүн -1...-6 градус, күндүз 1...6,
Нарында түнкүсүн -6...-11, күндүз -2...+3.
Тоолордо түнкүсүн -15...-20 градус, ал эми күндүз -5...-10.

Бишкекте ала булут каптап турат, жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн жана эртең менен туман түшүшү мүмкүн. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Шамал түштүк-чыгыштан, ылдамдыгы секундасына 3-8 метр.

Абанын температурасы түнкүсүн 7...9 градус суук, күндүз 3...5 градус нөлдөн жогору болот.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG