Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:04

БШК Атамбаев, Мадумаров, Ташиевге 100 миң сомдук күрөөлөрүн кайрып берет


Президенттикке ат салышкан Алмазбек Атамбаевге, Адахан Мадумаровго жана Камчыбек Ташиевге Боршайком күрөөгө алган 100 миң сомдорун кайтарып берет. Мындай чечим бүгүн БШКнын отурумунда кабыл алынды.

Атамбаев шайлоонун жеңүүчүсү болду. Мадумаров менен Ташиев шайлоочулардын 14 пайыздан жогору добуштарына ээ болушту.

Мыйзам боюнча, талапкер болуп катталуу үчүн адегенде 100 миң сомдук күрөө коюш керек. Аны кийин БШК шайлоочулардын 5 пайыздан көп добушун алгандарга гана кайра кайтарып берет.

30-октябрдагы шайлоодо Атамбаев, Мадумаров жана Ташиевден башка талапкерлердин баары 1 пайыздык чектен өтө алышкан жок.

Шайлоого 16 талапкер катышты. Алардын ичинен Токтайым Үмөталиева, Калыбек Арабаев жана Өмүрбек Эгембердиев 100 миң сомун кайрып берүү арызы менен БШКга кайрылышкан болчу. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG