Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:10

Маликов: Казакстандагы радикал топтордун Кыргызстанга кирип келүү коркунучу бар


Казакстан диний агымдарды көзөмөлдөөнү күчөтсө, ал агымдардын Кыргызстанга башка калка издеп, кирип келүү коркунучу бар. Бул тууралуу кыргызстандык талдоочулар белгилешүүдө.

Кыргызстандагы “Дин, укук жана саясат” аналитикалык борборунун жетекчиси Кадыр Маликов казак бийлиги Тараз шаарындагы адам өмүрүн алган жардыруудан кийин диний-экстремисттик агымдарды көзөмөлдөөнү күчөтсө, ал жактагы радикал топтордун Кыргызстанга кирип келүү коркунучу бар деп эсептейт:

-Азыр Казакстанда жүргүзүлчү репрессивдик машинадан качып, бул уюмдардын байистүү, аны менен бирге радикал мүчөлөрү, дегеле башка жамааттар да Кыргызстандын аймагынан баш калка издеп келиши мүмкүн. Анткени, Кыргызстан Казакстанганга кошуна жана жалпы көп окшоштуктары бар. Бул жерде аларга иштегенге жана баш калка кылганга мүмкүнчүлүк болот. Ал радикал топтор Кыргызстандагы байистүү багытты тутунган жамааттарга таасир этип, аларды радикалдаштырат деген коркунучтар бар.

Кошуна Казакстан өткөн айда диний саясатын катаалдаштырып, “Диний ишмердик жана диний бирикмелер жөнүндө” жаңы мыйзам кабыл алган. Өткөн аптада Тараз шаарында террордук чабуулдан 7 адам мерт кетти. (ZB/RK)

XS
SM
MD
LG