Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:58

Лоя Жырга күчөтүлгөн коопсуздук чаралары астында чогулууда


Уруу аксакалдарынын салттык жыйынын утурлай ооган борборунда коопсуздук күчтөрү күчөтүлгөн күжүрмөн даярдыкка келтирилди.

Жыйында АКШ менен өнөктөштүк келишими жана "Талибан" менен сүйлөшүү мүмкүнчүлүгү талкуулануусу керек.

"Талибан" кечээги билдирүүсүндө эгер бул жыйында өлкөдө америкалык аскерий базаларды туруктуу жайгаштыруу жөнүндө чечим жактырыла турган болсо бүткүл оогандык Лоя Жырганын катышуучулары “катаал жазаланары” эскерткен.

Төрт күнгө созулуучу жыйынга жалпысынан эки миңден ашуун адам: уруу аксакалдары, саясатчылар, жарандык коомдун өкүлдөрү катышат.

XS
SM
MD
LG