Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:42

АКШ соту нааразылыкка чыккандарды колдогон жок


Нью-Йорк сотунун шейшембидеги чечими “Уолл Стритти ээле” кыймылынын катышуучулары калаанын каржылык борборуна жакын жердеги Зукотти сейил багында уктоо үчүн чатырларды тиге албайт дегенди билдирет.

Бирок шаардык бийликтердин айтымында, паркта нааразылык акцияларын өткөрүүгө жол берилет. Парк кечээ кечке жуук демонстранттар үчүн кайра ачылды. Мунун алдында кечээ таңда, полициянын рейди учурунда 200дөй демонстрант камакка алынып, алардын парктагы чатырлары жана уктоочу каптары жыйналган.

Нью-Йорктун мэри Майкл Блумберг демонстранттар тазалык жана коопсуздук жагынан коркунуч туудуруп жатканын билдирген.

”Уолл Стритти ээле” кыймылы АКШнын Нью-Йорктон башка шаарларында, дүйнөнүн башка өлкөлөрүндө нааразылык акцияларынын тутанышына шыкак берди.

Анын алкагында нааразылыкка чыккандар АКШнын, башка өнүккөн өлкөлөрдүн экономикалык системалары адилетсиз жана байларды колдойт деп эсептешип, буга коомчулуктун көңүлүн бурууну көздөшүүдө.

XS
SM
MD
LG