Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:19

Мунапыс уюму Азербайжандагы абалга көңүл бурууга чакырды


Эл аралык Мунапыс уюму дүйнө коомчулугун Азербайжанда адам укуктары тебеленип жатканын унутпоого үндөдү.

Адам укуктары менен эркиндиктеринин бул өлкөдөгү абалына арналган баяндамасында Эл аралык Мунапыс соңку кездери оппозицияга, коомдук ишмерлер менен журналисттерге каршы репрессиялар күчөгөнүнө көңүл бурат.

Укук коргоо уюму белгилегендей, Азербайжанда быйыл март-апрель айындагы нааразылык акциялары күч менен басылган. Анда камакка алынган 17 киши Эл аралык Мунапыс тарабынан "абийир туткундары" деп табылган.

Баяндамада айтылгандай, “мунайга бай Азербайжанда көз карандысыздыктын жыйырма жылы, экономикалык бакубатчылык, салыштырмалуу стабилдүүлүк жарандарга кеңири фундаменталдык эркиндиктерди тартуулай алган жок”.

Эл аралык Мунапыс өз баяндамасында азери бийликтеринин оппозицияга нааразылык акцияларын Бакунун борборунда өткөрүүсүнө тыюу салуу чечимин сындаган. Кечээ азери бийликтери жаш активисттер уюштурган нааразылык акциясын кууп, таркатты.

XS
SM
MD
LG