Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:14

Сирия режими Араб лигасынын жыйынын бойкоттоодо


Расмий Дамаск жарыялагандай, алар Араб лигасына кирген өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин Мароккодогу жыйынын бойкоттоодо. Мунун алдында өткөн ишембиде Араб лигасы Сирия режими демонстранттарды кан төгүү менен басууну улантып жатканы үчүн анын уюмдагы мүчөлүгүн убактылуу токтотуу чечимин кабыл алган.

Бирок Араб лигасы президент Башар Ассадды кызматтан чегинүүгө же кан төгүүнү токтотуу үчүн тыштан аскерий кийлигишүү жасоого чакырган эмес.

Кошмо Штаттардын билдиргенине караганда, ал Араб лигасы бүгүнкү отурумду президент Ассадга өз элине каршы зордук-зомбулукту токтотуусу үчүн катуу эскертүү берүү үчүн колдонот деп үмүттөнүүдө. АКШ Ассадды бийликтен кетүүгө бир нече ирет чакырган.

Бул аралыкта коңшу Түркия Сирия боюнча турумун катаалдантты. Түрк премьер-министри Режеп Тайып Эрдогандын кечээги билдирүүсүнө караганда, Анкара Сириядагы бийликке ишенимин жоготту жана президент Башар Ассаддын режими жардын кырында турат. Эрдоган кечээ өзүнүн “Адилеттүүлүк жана Өнүгүү” партиясынын жыйынында буларды белгиледи:

- Келечек эзилген адамдардын канында курула албайт. Башкача айтканда тарых кан менен азыктанган лидерлерди эстейт. Ассад, сиз мына ушул жолду көздөй бара жатасыз. Мыкаачылык жана куугунтук үчүн каргыш алгандар эртеби, кечпи, кун төлөйт.

Түркиянын Энергетика министрлиги Сирия менен мунай чалгындоо долбоорлору токтотулганын жарыялап, аны энергия менен камсыздоо да токтотуларын эскертти.

БУУнун эсебинде, Сирияда элдик толкундоо башталган март айынан бери 3500дөн ашуун кишинин өмүрү кыйылган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG