Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:51

Президенттик кызматты өткөрүп берүү өтө салтанаттуу болбойт


Мамлекет башчысы Роза Отунбаеванын президенттик кызматты жаңы шайланган президент Алмазбек Атамбаевге өткөрүп берүүсү өтө салтанатташтырылбайт. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" азыркы президенттин парламенттеги өкүлү Данияр Нарынбаев билдирди. Анын айтымында, кызматты өткөрүп берүү күнү "эки президент жолугушуп, сөз сүйлөшөт, ошону менен иш-чара аяктайт".

30-октябрдагы шайлоодо уткан Алмазбек Атамбаевдин инауругациясы 1-декабрга белгиленди. Өткөөл мезгилдин президенти катары былтыр өлкө жетекчилигине келген Роза Отунбаеванын ыйгарым укуктары 31-декабрга чейин деп аныкталган. Нарынбаевдин билдиришинче, бул аныктама Отунбаева 31-декабрга чейин президенттик кызматтан кетпеши керек дегенди түшүндүрбөйт. Болгону, анын мөөнөтү аяктаганча өлкөнүн жаңы президентин шайлоо өнөктүгү толук, расмий жыйынтыкталып, жаңы өкмөт бекитилүүсү үчүн убакыт каралган.

Роза Отунбаева Кыргызстанды 2010-жылдын 7-апрелиндеги бийлик алмашуудан бери башкарып келатат. Өткөөл мезгилдин президенти деген макам ага ошол эле жылдын июнь айындагы элдик референдумдан кийин берилген. (EBM/RK)

XS
SM
MD
LG