Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:30

Бирназаров: Киного бөлүнгөн акчанын көбү чиновниктердин айлыгына кетет


Кыргызстанда кино тармагына мамлекет акча бөлбөйт деген сөз чындыкка дал келбейт. Мындай оюн бүгүн "Азаттыкка" кыргызстандык белгилүү кинорежиссер Темир Бирназаров билдирди. Анын айтымында, жыл сайын мамлекеттик бюджеттен киного "36-40 миллион сом бөлүнөт, бул акчанын 3-4 миллиону гана кино тартууга кетет да, калганы бүт чиновниктерге, айлыкка кетет". Бирназаров ошондо эле "1-2 миллион кетирип, бирок бир дагы кадр кино жок" экенин айтты.

Темир Бирназаров, Актан Арым Кубат сыяктуу белгилүү режиссерлер жеке студиясында мамлекеттен бир тыйын албай, жөнөкөй техника менен тарткан тасмалары соңку жылдары кыргыз киносуна эл аралык атак алып келди.

Темир Бирназаровдун "Белгисиз маршрут" аттуу тасмасы мааниси жагынан бир канча эл аралык фестивалдарда мыкты деп табылып, бирок техникалык жактан сапаты тиешелүү деңгээлде болбой калгандыктан, чет мамлекеттерде көрсөтүүгө уруксат ала албай калган. (JAk/RK)

XS
SM
MD
LG