Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:48

5 жаштагы кыздын зордукталып өлтүрүлүшү боюнча сот 23-ноябрга жылды


Ош шаарында быйыл жайында 5 жаштагы кыздын зордукталып өлтүрүлүшүнө күнөөлүү деп шектелип жаткандар боюнча сот иши 23-ноябрга жылды. 10-ноябрга белгиленген сот жараяны тиешелүү коопсуздук чараларынын камсыздалбай, айрым күбөлөрдүн келбегенине байланыштуу болбой калды. Бул тууралуу бүгүн жабырлануучулардын адвокаты Назгүл Сүйүнбаева "Азаттыкка" билдирди.

Анын айтымында, кылмышка шектүү делген Равшан Маматакунов жана ага кызды чыгарып берди деп шектелип жаткан коңшусу Мавлюда Машрапова учурда Оштун тергөө абагында жатышат. Соттун башталганына бир айдай болуп калды.

Равшан Маматакунов быйыл 29-июнда "Азаттыкка": "Мен зордуктап жатканда кыз тирүү эле. Бул кыз биринчиси эмес. Буга чейин деле ушундай кылмыш үчүн 16 жыл түрмөгө кесишкен. Жети жыл абакта жаттым", -деп айткан болчу.

Адвокаттын айтымында, бул окуя былтыр Ошто чыккан улут аралык өзбек-кыргыз чатагына тиешеси жок. Соттолуучунун улуту татар. (RK)

XS
SM
MD
LG