Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:49

Москвада чечен акыны Руслан Ахтахановду атып кетишти


Руслан Ахтаханов

Руслан Ахтаханов

Орусиялык тергөөчүлөр өткөн түнкү окуяны “буюртма адам өлтүрүү” катары сыпатташууда. Кечээ кечинде ал Москвада өзү жашаган үйдүн жанында машинесинен чыга бергенде белгисиз бирөө келип, бутуна, андан кийин башына аткан. Андан ары киллер машинеге отуруп, качып кеткен. Кийинчерээк анын унаасын башка жерде ичиндеги тапанча менен табышты.

58 жаштагы Ахтаханов “Мен дүйнөгө көптөгөн баатырларды берген Чеченстан менен сыймыктанам” деген ырлар жыйнагы менен белгилүү эле. Ал ыр жазууну сепаратисттердин колунда барымтада жаткан кезде баштаганын айтып жүрчү. Акынды Чеченстанда өзү туулган айылда жерге беришет.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG