Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:48

ВИЧ жуккан балдардын энелери эртең митингин улантышат


Кыргызстанда дарыгерлердин шалаакылыгынан Адамдын иммундук таңсыктыгына алып келчү вирус (ВИЧ) жуккан балдардын энелери бүгүн парламенттин алдында митингге чыгышкан эле. Он чакты эне балдары менен кечки саат жетилерге чейин турушту.

Кечинде аларды Социалдык жактан коргоо министрлиги карылар үйүнө жайгаштырды. Митингчилердин бири "Азаттыкка" айтканына караганда, Жогорку кеңештен аларга эч ким чыккан жок. Өздөрү гана телефон менен депутат Заирбек Жоошбековду чакыртып, депутат митингчилерди жатаканага чейин жеткиген. Нааразылык акциясынан катышуучулары эртең да парламенттин алдына чыгышаарын айтышты.

Бул энелер 2007-жылы Ош облусунда бир гана жолу сайылуучу шприц менен ондогон балага ВИЧти жугузган медицина кызматкерлерин жазага тартууну, мындан ары бул өңдүү окуяларды болтурбоону, балдарга берилүүчү 3 миң сомдук жөлөкпулду кескин көтөрүүнү жана Ошто курулуп жаткан жаңы үйлөрдөн ар бир балага бирден батир берүүнү, 1 миллион сомдон бөлүп берүүнү талап кылып жатышат. Бул талаптар аткарылмайын кетпей турганын эскертишти. (KKs/TD)

XS
SM
MD
LG