Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:57

Түркия менен Арап лигасы сириялыктарды коргош үчүн “чукул чараларды” көрүүгө чакырышты


Бүгүн Мароккодо Түркия жана Арап лигасынын жыйыны өткөн. Анын натыйжасында биргелешкен билдирүү кабыл алынып, анда Сириянын элин президент Башар ал-Ассаддын репрессивдүү режиминен чактап калыш үчүн “кечиктирилгис чараларды” көрүүгө чакырык айтылды.

Ошол эле билдирүүдө алар “Сирияга каршы сырттан кийлигишүү болбошу зарылдыгын” белгилешти. Ал арада, бүгүн Франция Сириядагы өзүнүн элчисин чакыртып алды.

Бул окуялар оппозиция тарапка өтүп кеткен куралчан дезертирлер өткөн түнү Дамасктагы аба аскерий чалгын кызматынын имаратына чабуул коюшкандан кийин болуп жатат. Кечээги чабуулда коопсуздук күчтөрүнүн алты өкүлү набыт болгон.

Активисттердин айтымында, дезертирлер Хама шаарында да сегиз аскерди өлтүрүп, ондогонун жарадар кылышты. Хомсто, Идлибде жана Дамаскта болсо өкмөттүк аскерлер 13 жайкын тургунду атып өлтүрүшкөнү кабарланууда.

Бириккен улуттар уюмунун эсебинде Сирияда быйыл мартта президент Ассадка каршы толкундоолор башталгандан бери кеминде 3500 адам өлгөн.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG