Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:05

“Ата-Журтта” коалиция боюнча топ түзүлдү


Жогорку Кеңештеги “Ата-Журт” фракциясынын лидери Камчыбек Ташиев 16-ноябрда жаны коалициялык өкмөт куроо боюнча сүйлөшүү жүргүзүү үчүн беш депутаттан турган убактылуу топ түзүлгөнүн жарыялады. Анын курамына өзүнөн башка Мыктыбек Абдылдаев, Дастанбек Жумабеков, Нариман Түлеев жана Жаныш Кудайбергенов киргенин кошумчалады. Азырынча кандайдыр бир конкреттүү талаптар коюла электигин, сүйлөшүүлөр кырдаалга жараша болоорун белгиледи.

“Ата-Журт” партиясы былтыркы парламенттик шайлоодо эң көп добуш алган. Жогорку Кеңеште азыр беш фракция бар. Азыркы коалициялык көпчүлүк “Ата-Журт”, Социал-демократтар жана “Республика” фракцияларынан куралган. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG