Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:30

Сауд Аравия: Ишке ашпай калган кутум БУУда талкуулансын


Расмий Эр-Рияд Бириккен Улуттар уюму Сауд Аравиянын АКШдагы элчисинин өмүрүнө кол салуу боюнча кутумду айыптаган жана Иранды тергөө менен кызматташууга чакырган резолюция кабыл алынышына жетишүүнү көздөөдө.

АКШ Саудиянын Вашингтондогу элчисин өлтүрүү боюнча ишке ашпай калган жана бети ачылган кутумдун артында Иран турат деп билдирген. Бирок Саудия даярдап, БУУнун Башкы ассамблеясынын 193 мүчөсүнө тараткан резолюция долбоорунда Иран тикелей айыпталбайт.

АКШда колдогон резолюция долбоорунда Ирандын дарегине эл аралык мыйзамдар боюнча бардык милдеттемелерин толук аткаруу чакырыгы айтылган.

Сауд Аравиянын БУУдагы миссиясынын өкүлү Абдулмохсен Алястын билдиргенине караганда, резолюцияны АКШдан башка да көп өлкөлөр колдоого даяр. Бирок Саудия өкүлү ал мамлекеттердин атын атоодон баш тартты.

XS
SM
MD
LG