Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:14

Оторбаев: Сом сезонго карап арзандады


Улуттук валюта сомдун АКШ долларына карата арзандап жатканы - бул убактылуу көрүнүш. Бул тууралуу "Азаттыкка" Кыргызстан өкмөтүндө экономика жана инвестиция маселелерине жооп берген мурдагы вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаевге билдирди:

- Менин оюмча, азыркы биздин сомдун курсунун түшүүсү сезондук факторго байланыштуу. Себеби айыл чарба продукциясын экспорттоо жазында, жайында көбүрөөк болот. Анан туризм болот. Кышында биздин экспорттук потенциал азайат. - деди Оторбаев.

Акыркы жумаларда улуттук сомго басым күчөп, ал АКШ долларына карай күчүн жоготуп баратат. Андай басым шейшемби күнү катуу болуп, сом долларга карай дээрлик бир сомго арзандады. Улуттук банк бул күнү 20 млн. 900 миң доллар интервенция жасап, кырдаалды бир аз турукташтырып калды. Бүгүн сомдун долларга карата курсу 46 сом 41 тыйын экенин Улуттук банктан билдиришти. (AiT/RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG