Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:44

Сан-Диегодо маңзат соодагерлердин ири туннели табылды


Америкалык расмий өкүлдөрдүн айтымында, АКШ менен Мексиканын чек арасынан наркоаткезчилердин өтө маанилүү жашыруун жолдорунун бири табылды. Узундугу 400 метр келген туннел АКШнын Сан-Диего шаары менен Мексиканын Тихуана шаарындагы кампаларды туташтырчу. Анын ичинен 17 тонна марихуана табылган. Мунун тогуз тоннасы туннелдин АКШдагы, ал эми сегиз тоннасы Мексикадагы бөлүгүнөн алынган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG