Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:13

Актан Арым Кубат жогорку мамлекеттик сыйлыкка татыды


Кыргыздын белгилүү кинорежиссеру Актан Арым Кубат мамлекеттик жогорку сыйлыктардын бири - III даражадагы «Манас» ордени менен сыйланды. Бул тууралуу Жарлыкка бүгүн президент Роза Отунбаева кол койду.

Бүгүн Кыргызстанда кинонун 70 жылдыгы белгиленип жатат. Кыргыз кинематографиясын жана искусствосун өнүктүрүүгө кошкон салымы жана көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн, кыргыз улуттук киносунун 70 жылдык урматына бир катар ишмерлер бүгүн мамлекетик сыйлыктарга татышты.

Актан Арым Кубат "Бешкемпир", "Бекет", "Маймыл" тасмаларын тарткан. Анын «Ырыс алды ынтымак», «Алакандай элбиз, ынтымактуу бололу» деген социалдык тасмалары мындан 21 жыл мурда тартылса да, азыркыга чейин кызыгын, актуалдуулугун жоготпой келет. Аталган эки роликти жергиликтүү телеканалдар байма-бай көрсөтүп турушат. (RK)

XS
SM
MD
LG