Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:22

Үч күн бою Бишкек менен Оштун милициясы күчөтүлгөн тартипте иштейт


Бишкектин жана Оштун милициясы 29-ноябрдан 1-декабрга чейин күчөтүлгөн тартипте иштейт. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйынында Ички иштер министрлигинин коомдук коопсуздук боюнча башкармасы Эркин Баев билдирди. Мындай чара Кыргызстандын жаңы президентинин кызматка расмий киришүү салтанатына байланыштуу көрүлүүдө.

Инаугурация күндөрү өлкөдө коопсуздукту камсыз кылуу үчүн атайын штаб түзүлдү. Бишкектин коопсуздугун камсыз кылууга шаардын жана Чүй облусунун милициясы тартылат. 30-октябрдагы президенттик шайлоодо 16 талапкерлин арасынан жеңүүчү болуп чыккан Алмазбек Атамбаевдин инаугурациясы 1-декабрда филармонияда өтөт. (RK)

XS
SM
MD
LG