Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:45

Ош менен Жалал-Абадда кар көчкүдөн жолдор жабылууда


Ош жана Жалал-Абад облустарынын тоолуу аймактарында жааган кардын калыңдыгы 60 сантиметрге чейин жетип жатат. Ошол себептен айрым жолдор убактылуу жабылып, кар көчкү түшкөн жерлерде тазалоо иштери жүрүп жатканын "Азаттыкка" Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдишарип Бекилов билдирди. Анын айтымында, Оштун Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолунун 45-95-чакырымына чейин кардын оор жаагандыгына байланыштуу учурда жол жабык турат. Кар көчкүнүн кесепетинен “Газ-66” жүк ташуучу унаасынын 1 жүргүнчүсү кар көчкүнүн астында калып кеткен. Денеси азыркы убакытка чейин табыла элек. Жалал-Абаддын Чаткалында да кар көчкү түштү. Ала – Бука – Жаңы-Базар – Кировка унаа жолунда калыңдыгы 30-60 см кар жаагандыгына байланыштуу унаа жолдор убактылуу жабылды. Тогуз-Тородо кар күрткүсүнүн кесепетинен Казарман – Акталчат унаа жолу убактылуу жабык турат.

Өзгөчө кырдаалдар министри Болотбек Борбиев кырдаалды жеке көзөмөлүнө алып, жол каттамдарын тез арада калыбына келтирүү жана адам өмүрүнө коркунуч келтирбөө, материалдык чыгымдарды азайтуу боюнча тиешелүү кызматтардын жетекчилерине тапшырмаларды берди. (RK)

XS
SM
MD
LG