Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:03

Кыргызстанда Студенттердин эл аралык күнү белгиленүүдө


Бүгүн кыргызстандык жаштар да Студенттердин эл аралык күнүн белгилеп жатышат. Күндүз ар бир окуу жайда өзүнчө иш-чаралар өттү. Көпчүлүк жаштар кечинде майрамдамай болуп жатышат. "Азаттыктын" кабарчысы бүгүн Бишкектеги бир катар жогорку окуу жайлардын студенттери менен жолукту. Жатаканада жашаган студенттер өз бөлмөлөрүндө чогулуп майрамдап, айрымдары теңтуштары менен кафелерде жолугаарын айтышты. Ал эми престиждүү деп эсептелген окуу жайлардын студенттери баасы ар бир кишиге 2 миң сомдук түнкү клубдарга барып, тобу менен майрамдашаарын айтып беришти.

Чехиялык патриот-студенттердин элесине арнап бул күндү Эл аралык студенттер күнү катары белгилөө тууралуу чечим 1946-жылдын 17-ноябрында Прагада өткөн Студенттердин дүйнөлүк конгрессинде кабыл алынган. (JAk/RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG