Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:01

Апрел элдик революция күнүн белгилөө сунушталды


Бүгүн Жогорку Кеңештин депутаттары 7-апрелди Элдик революция күнү катары белгилөө боюнча мыйзам долбоорун кабыл алышты. Аны сунуштаган депутат Исмаил Исаковдун өкүлү "Азаттыкка" билдиришинче, чечим аталган мыйзам долбоору президент тарабынан кол коюлгандан кийин күчүнө кирет. Бул күн дем алыш күнү катары эсептелбейт. Болгону, 2010-жылдын 7-апрелинде курман болгондорду эскерүү иш-чаралары өтөт. Былтыр 7-апрелде ошол кездеги бийликке нааразы болуп митингге чыккандардын токсонго жакыны курман болгон. Ошол күнү өлкөдө бийлик алмашып, авторитардык башкаруу кулаган. Көп өтпөй, жалпы элдик референдумда Кыргызстан парламенттик демократия жолун тандап алган. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG