Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:57

Уулуу көмүрдү ким апкелгени иликтенүүдө


Бишкек жылуулук борборунда радиациялуу 8.5 миң тонна көмүр жатат. Бул көмүрдүн кандай жол менен алып келингени боюнча кылмыш иши козголуп, Башкы прокуратура иликтөөдө. Депутаттар адам ден соолугуна коркунучтуу мындай көмүр буга чейин да алып келинип, жагылып жүргөнүн белгилешүүдө.

Бишкек жылуулук борборуна радиациялуу көмүр сентябрь айында алып келинген. Бажы бекетинде көмүрдүн радиациялуу экени аныкталганына карабай, ал Жылуулук борборуна төгүлгөн. Ал жердеги текшерүүлөрдө көмүрдүн радиациясы бир аз эмес, нормадан 8-10 эсе көп экени аныкталган.

Бул уулуу көмүрдү алып келүүгө төрага Акматбек Келдибековдун, биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабановдун тиешеси бар экени айтылып, бирок алар муну төгүнгө чыгарышкан.

Отун-энергетика маселелери боюнча эксперт Расул Үмбеталиев Бишкек жылуулук борборуна көмүр алып келүүдө мурунку кездеги коррупциялык схемалар уланып, мына ошонун негизинде “Кулан ТБнын” уулуу көмүрү түшкөн дейт:

Расул Үмбеталиев
Расул Үмбеталиев
- “Электр станциялар” АКсы менен “Кыргызжилкоммунсоюз” тендер өткөрүп, анда жеңген компаниялар менен келишим түзүп, ошонун негизинде көмүр алып келип жаткан. Өкмөт өзүнүн токтому менен тендерлердин жыйынтыгын жокко чыгарып, ошол эле токтомдун негизинде “Кулан ТБ” фирмасы менен келишим түзгүлө деп буйрук берген.

Үмбеталиевдин айтымында, тендерди North Power Trade аттуу компания уткан. Бирок өкмөттүн буйругу менен ал тендер бузулуп, ошол эле токтомдун негизинде “Кулан ТБ” менен келишим түзүлгөн. Ал компания радиациялуу көмүрдү алып келе баштаган. Көмүрдүн радиациялуу экени бажы бекетинде эле аныкталган. Бирок ага карабай ал Бишкек жылуулук борборуна түшкөн. "Эгерде көмүрдүн радиациялуу экени коомчулукка маалым болуп калбаганда, ал акырындап жагылып, жок кылынмак", - дейт Үмбеталиев.

Жогорку Кеңештин депутаты, “Ар-намыс” фракциясынын мүчөсү Кожобек Рыспаев “Кулан ТБ” тендерге катышканын, бирок анын радиациялуу көмүр алып келери жетекчиликке маалым болбогонун айтат:

- “Кулан ТБ” жана башкалар тендерге катышып, утуп алган. Мен аны өз көзүм менен көргөм. Менин, ошол комиссиянын көзүнчө документтер ачылган. Ал жерде сертификатында "радиациялуу көмүр" деп жазылбайт да. "Баары жайында" деп келген.
Терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Ошон үчүн жактырганга уруксат бербей жатабыз.

“Ата Мекен” фракциясынын мүчөсү Райкан Төлөгөнов тендерде башка компания утуп алып, ага карабай көмүр алып келүү “Кулан ТБга” берилгени боюнча маалымат бар экенин тастыктайт:

- Башка бир сатуучу аныкталган болчу. Бирок кийин аны четтетип коюшуп, радиоактивдүү көмүрдү алып келген “Кулан ТБ” деген компанияга берип коюшкан деп жатышат. Эми мунун баарын тергөө аныкташ керек. Анын жүрүшүндө кимдин куйругу кайсы жерден чыгат, мен азыр айта албайм.

Райкан Төлөгөновдун маалыматы боюнча, Бишкек жылуулук борборунда 8.5 миң тонна эмес, анда көп өлчөмдө радиоактивдүү көмүр бар. Андай көмүрлөр мурун да алып келинип, ал жагылып да жүрүшү ыктымал.

Пайдасынан зыяны көп

Дарыгерлердин айтымында, радиоактивдүү көмүрлөр жагылса, алар түтүн аркылуу айлана-чөйрөгө таркап, адамдардын ден соолугуна коркунуч алып келет. Андан сырткары жагылган көмүрдүн күлү курулуш материалдарына пайдаланылып, ал туруктуу радиациялык фонду жаратат. Булар адамдарда онкологиялык ооруларды пайда кылат.

Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл мекемесинин жетекчиси Төлөн Исаков текшерүүлөрдө көмүрдүн радиациясы нормадан 8-10 эсе көптүгү аныкталганын билдирди. Ал жагылса ден соолукка терс таасирин тийгизет:

- Терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Ошон үчүн жактырганга уруксат бербей жатабыз. Аны кайрадан өз ээлери алып чыгып кетиш керек. Ошондой тыянакка келгенбиз.

Исаковдун айтымында, ал көмүр жагылбай турса зыяны жок. Ал эми Бишкек жылуулук борборунун айланасында радиация нормалдуу. Аны текшерүүлөр тастыктады. Болгону көмүрдүн өзүндө радиация жогору.

Бул радиоактивдүү көмүрдүн алып келиниши боюнча Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоп, иликтөөлөрдү жүргүзүп жатат. Тергөө ишин Башкы прокуратуранын коррупцияга каршы күрөшүү боюнча башкармалыгынын улук прокурору Станислав Кучерявый жүргүзүүдө.

Кучерявыйдын айтымында, Бишкек жылуулук борборуна эле эмес, башка жактарга да радиоактивдүү көмүрдүн келишин аныктоо боюнча иштер жүрүп жатат:

- Азыркы мезгилде баштапкы тергөө иштери жүрүп, көмүрдүн кандай келиши аныкталып жатат. Андан сырткары Бишкек жылуулук борборуна эле эмес, башка жерлерге да радиоактивдүү көмүрдүн алып келингенин аныктоо боюнча чаралар көрүлүп жатат. Ошого байланыштуу тергөө ишинин алкагында кошумча экспертиза жүргүзүү чечилүүдө.
Өкмөт өзүнүн токтому менен тендерлердин жыйынтыгын жокко чыгарып, ошол эле токтомдун негизинде “Кулан ТБ” фирмасы менен келишим түзгүлө деп буйрук берген.

Станислав Кучерявыйдын айтымында, радиоактивдүү көмүрдүн алып келинишине тиешеси бар деп, маалымат каражаттарында ысымы аталгандардын баары текшерилип, алардын баарына юридикалык баа берилет. Ошондой эле көмүрдү алып келүүгө тиешеси бар өкмөттүк структуралардын бардык өкүлдөрү суракка алынат. Тергөө иштери мыйзам талаптарына ылайык эки айдын ичинде аяктамакчы.

Жогорку Кеңештин депутаты Райкан Төлөгөнов калктын ден соолугуна түздөн-түз таасир эткен бул окуяны чечүүдө өкмөт бардык чараларды көргөн жок деп сынга алды. Эми Башкы прокуратура бул ишти акыр аягына чейин иликтөөгө тийиш, деп белгиледи Төлөгөнов.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG