Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:53

Ооруканада баланын ВИЧке чалдыккан учурлары дагы эле уланууда


Дарыгерлердин шалаакылыгынан балдарга ВИЧтин жугуп калуусу азыр да уланууда. Бул тууралуу ВИЧке дарыгерлердин айынан чалдыккан балдардын энелери Жогорку Кеңештин төрагасы Ахматбек Келдибеков менен жолугушуусунда айтылды.

Парламенттин Саламаттыкты сактоо, социалдык саясат, эмгек жана миграция боюнча комитетинин жетекчиси Дамира Ниязалиева дарыгерлердин шалаакылыганан жакынкы аралыкта эле 10дой наристеге ВИЧ жукканын, бул фактылардын 2007-жылдагы окуя менен эч байланышы жок экенин айтты. Ал эми республикалык СПИД борборунун башчысы Жылдыз Курманалиева жаңыдан катталып жаткан учурларды териштире келгенде анын баары 2007-жылдагы окуядан улам чыгып жатканы, балдар ошол ооруканада жатканы аныкталганын айтты.

СПИД борборунун билдиришинче, ВИЧке чалдыккан балдардын жалпы саны азыр 283. Анын ичинен энесинен жуккандар 83. Ал эми калганына дарыгерлердин шалаакылыгынан улам жуккан. Быйылкы жылы 33 баланын ВИЧке чалдыкканы аныкталган. Алардын ичинен 22сине дарыгерлердин айынан жуккан болсо, 11 балага энеси аркылуу жуккан.

Ал эми бул айыккыс илдеттен каза болгон наристелердин жалпы саны 24 экени айтылууда. (ZB/RK)

XS
SM
MD
LG