Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:46

Германиянын тышкы иштер министри Түркмөнстанда


Министр Гидо Вестервелле Түркмөнстанда иш сапары менен жүрөт. Немистердин ДПА агенттигинин кабарлашынча, Ашхабаддагы сүйлөшүүдө Түркмөнстандын Каспий деңизи аркылуу өтчү газ куурун курууга катышуу мүмкүнчүлүгү талкууланат. Каспий мунай газын Орусияны кыйгай өтүп, Европага ташычу Набукко кууру 2017-жылы курулуп бүтүүгө тийиш.

Гидо Вестервелле түркмөн президенти Гурбангулы Бердимухаммедов менен кездешкенден кийин мунай газ өнөр жайы боюнча конференцияга жана Түркмөнстандагы адам укугунун абалына арналган талкууга катышат.

XS
SM
MD
LG