Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:26

Грекиянын борбору чоң демонстрацияга камданууда


Грек өкмөтү жыл сайын болчу студенттердин жүрүшүн утурлай борбор калаа Афиныга 7 миңдей полицияны күзөткө чыгарды. Бийлик 1973-жылы Грекиянын аскерий режиминин кулатылышын эскерип өтчү демонстрация тополоңго айланып кетиши этимал деп кооптонот. Бул акцияга бюджеттик тартыштыкты кыскартуу боюнча кабыл алынган планга нааразы болгондор да кошулат деп боолгонууда.

Грек парламенти бир күн мурда премьер-министр Лукас Пападемос башындагы курама өкмөткө ишеним көрсөткөн. Пападемос бюджеттик кризисти токтотуу үчүн Европа Биримдиги менен 130 миллиард евролук чукул планга кол койуу негизги максаты экенин билдирген. Реформаны Евробиримдик талап кылган жана аны ишке ашыруу үчүн өз корунан жардам бергенге макул. Финансы кризисинен улам бир апта мурда Георги Папандреус премьерликтен кетти.

XS
SM
MD
LG