Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:04

Ооганстан: Лоя Жырганын ишин токтотуу аракети болду


Ооганстандын аксакалдар ассамблеясы - Лоя Жырга өтүп жаткан жайы бүгүн эртең менен эки ирет ракетадан аткыланды. Кабылдагы Полиехтика университетинин аймагындагы чатырда кечээ ачылган жыйында АКШ менен узак мөөнөттүк стратегиялык кызматташуунун планы талкууланууда. Ички иштер министрлиги ракета чабуулунан бир адам жарадар болгонун кабарлады.

Лоя Жыргага уруу аксакалдары жана саясатчылар болуп, 2 миңдей делегат катышууда. Талиптер элдик жыйынга кол салынарын дембе-дем эскертүүдө. Ассамблея мүчөлөрү талиптер менен элдешүү маселесин да талкуулашат.

XS
SM
MD
LG