Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:18

Кувейттиктер Сабахтардын бийлигине каршы козголууда


17-ноябрда Кувейттин эмири коопсуздук күчтөрүнө өлкөдө тартип сактоо үчүн бардык зарыл чараларды көрүүнү буйруду. Кечээ шаршемби күнү шам ченде Кувейт парламентине ондогон демонстранттар кирип барышып, улуттук гимнди ырдаган соң чыгып кетишкен. Ал эми парламент алдына чогулган жүздөгөн адамдар оппозициячыл депутаттар жемсөөлүккө батты деп күнөөлөгөн премьер-министр Шейх Насер ал-Мухаммед ас-Сабахтын кызматтан кетүүсүн талап кылышкан.

Шейх Насер ал-Мухаммед ас-Сабах өлкөнү башкаруучу үй-бүлөнүн мүчөсү. Перс булуңундагы өлкөлөрдө "Арап жазы" деп аталган быйылкы элдик козголуштан бери мындай ири өкмөткө каршы демонстрация өтө элек болчу.

XS
SM
MD
LG