Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:52

Академик Миррахимовдун айкели орнотулат


Белгилүү кардиолог, академик Мирсаид Миррахимовдун 85 жылдыгына карата анын айкели тургузулат. Каражат чогултуу үчүн бүгүн Бишкектеги Кардиология жана терапия боюнча улуттук борбордо марафон өтөт. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты. Академиктин 85 жылдыгы келерки жылы белгиленет. Мирсаид Миррахимов Кыргызстанда жүрөк ооруларын изилдеп, аларды дарылоого кызматын негиздеген. 2008-жылдын октябрында 81 жашында каза болгон. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG