Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:50

Сирияда жаңы кол салуулар болду


Кабарларга караганда, козголоңчулар тарапка өткөн аскерлер
бийликтеги “Баас” партиясынын кеңселерине кол салышкан.

Активисттердин айтымында, өлкөнүн түндүк-батышындагы Идлиб провинциясында бийликтеги партиянын жаштар канатынын азыр коопсуздук күчтөрү жайгашкан кеңселерине гранаталар ыргытылган.

Козголоңчулар тарапка өткөн жоокерлер мындан бир күн мурда Сириянын аскер-аба күчтөрүнүн чалгын кызматынын борбор Дамасктын жанындагы базасына кол салышкан эле. Бул оппозициянын президент Башар Ассадын режимине каршы нааразылык башталган сегиз айдан берки эң чечкиндүү аракети болду.

Бул аралыкта Орусия Сирия жарандык согушка тартылып бара жатканын эскертип, тараптардын баарын кыянатчылыкты токтотууга жана сүйлөшүүгө чакырды. Орус тышкы иштер министри Сергей Лавровдун айтымында, оппозиция күчтөрү да жоопкерчиликке тартылуусу керек.

Эки күн мурда Арап лигасы уюму Сирия бийликтерин репрессияларды токтотуп, эл аралык байкоочулрдын келишине жол ачуусу үчүн үч күн убакыт берген. Расмий Дамаск кызматташтыктан баш тартса, санкция киргизилери эскертилген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG