Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:20

МАГАТЭде Иран боюнча жаңы резолюциянын долбоору макулдашылды


Дипломаттардын айтымында, дүйнөнүн ири державалары макулдашкан резолюция долбоору Иранга талаштуу өзөктүк программасына байланыштуу бардык маалыматтарды алуу үчүн кысым көрсөтүүнү максат кылат.

БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу беш мүчөсү жана Германия макулдашкан долбоорда Иран боюнча тынчсыздануу күчөгөнү жана тереңдегени айтылып, Тегеран менен Атом энергетикасы боюнча агенттик диалогду тездетүүсүнүн абдан зарылдыгы белгиленет.

МАГАТЭнин Башкаруучулар кеңеши бүгүн талкуулоочу резолюция Тегеранды эл аралык эксперттер өзөктүк программасы менен байланышкан бардык маалыматтарды, документтерди ала алышын, өзөктүк жайлардагы, андагы материалдары көрүп, иштеген кызматчылар мнен жолугуусун камсыздоого чакырат.

Вашингтондон АКШ Мамлекеттик департаментинин өкүлү Марк Тонер Иранга бирдиктүү турумду көргөзүүнүн зарылдыгын белгиледи:

- Биз Башкаруучулар кеңеши Иран өзөктүк программасы боюнча чындыкты айтуусу керектигин ачык жана бирге билдире турганын оптимизм менен кабыл алдык

Мунун алдында МАГАТЭнин башчысы Юкиа Амано Ирандын өзөктүк программасынын ыктымал аскерий өңүттөрүнүн аныгына жетүү үчүн Тегеранга жогорку деңгээлдеги топту жиберүүнү сунуш кылган.

XS
SM
MD
LG