Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:05

АКШ: Иранга сокку уруу дүйнөлүк экономикага зыян тийгизет


АКШнын коргоо министри Леон Панеттанын билдиргенине караганда, Иранга каршы аскерий чаранын күн мурунтан айтууга болбой турган кесепеттери боюнча АКШнын камтамчылыгын Израилдин коргоо министри Эхуд Барак менен жолугушуусунда көтөргөн жатат. Эки тараптуу сүйлөшүү Канадада, коопсуздук боюнча форумдун учурунда өтөт.

Панеттанын айтымында, Иранга сокку уруу дүйнөлүк экономикага зыян тийгизүүсү мүмкүн. Ал кошумчалагандай, АКШнын анализи боюнча Иранга сокку Тегерандын өзөктүк программасын артка тартат. Бирок эң көп эки-үч жылга эле.

Ирандын өзөктүк программасы боюнча тирешүү МАГАТЭнин жаңы баяндамасынан кийин күчөп кетти. Өткөн аптада жарыяланган баяндамада Тегеран өзөктүк бомбанын модели үстүндө иштеп, бул багыттагы жашыруун изилдөөлөрүн азыр да улантып жатышы мүмкүндүгү айтылган.

Иран эгер ага каршы аскерий аракет көрүлсө, буга АКШ менен Израилдин Перси булуңундагы кызыкчылыктарына сокку уруу менен жооп берерин эскерткен. Аналитиктердин пикиринде, Иран дүйнөдө сатылган мунайдын 40 пайызы ташылган Хормуз кысыгын жаап коюшу мүмкүн.

XS
SM
MD
LG